19:38, 16 апрель 2024 Шш

“Бирдиктүү Орусия” партиясынын көрсөткүчү начарлады

Орусиядагы бийликчил “Бирдиктүү Орусия” партиясы коомдук сурамжылоонун жыйынтыгында рейтинги түшүп кеткени аныкталды.

Орусиядагы Коомдук пикирди талдоо институту жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, учурда бийликчил партиянын рейтинги 32,2 пайызды көрсөткөн. Бул буга чейин жүргүзүлгөн сурамжылоолордун ичинен эң төмөнкү көрсөткүч. Январда бул көрсөткүч 32,7 пайызды түзгөн.

Мындай жыйынтыкты бир катар басылмалар “Бирдиктүү Орусиянын” Москва шаардык думасына шайлоого катышпоо чечими менен байланыштырууда. Учурда бийликтин талапкерлери партиянын тизмеси аркылуу эмес, өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катышып жатат.

Буга чейин коомдук сурамжылоолордун жыйынтыгында Орусиянын президенти Владимир Путиндин рейтинги төмөндөгөнү байкалган. Бул былтыр орус өкмөтүнүн пенсиялык куракты жогорулатуу боюнча чечимине байланыштырылган.

 

up