00:19, 24 апрель 2024 Шр

“Чоң жетинин” элчилери Зеленскийдин сунушун сынга алды

“Чоң жетиге” кирген өлкөлөрдүн Украинадагы элчилери президент Владимир Зеленскийдин өлкөдө 2014-жылдан баштап жетекчилик кызматты ээлегендерди люстрация кылуу боюнча сунушун сынга алышты.

Бул тууралуу "Твиттерге" жарыяланган бирдиктүү билдирүүдө айтылат. Дипломаттар адамдын мамлекеттик кызматта иштөө укугуна чек коюу демократиялык өлкөлөргө мүнөздүү эмес экенин белгилешкен.

Британия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция жана Жапониянын элчилери жолдогон кайрылууда Украинадагы 2014-жылдан соң абал жакшырып, учурдагы жетекчилерди өлкөнү Виктор Янукович башкарган жылдарга салыштыруу туура эмес экени айтылат.

Буга чейин Украинаны президенти Владимир Зеленский “Бийликти тазалоо” боюнча мыйзамды өзгөртүп, ага өлкөдө 2014-жылдын 21-февралынан 2019-жылдын 19-майына чейин мамлекеттик кызматты жетектегендерди кошууну сунуштаган. Ага ылайык, мурдагы президент Петро Порошенко баш болуп, жергиликтүү бийлик жетекчилерине чейин шайлоого катышуу укугунан ажырайт.

Мындай сунушту Петро Порошенко сындап, “орусиячыл реваншизм” деп атаган.

 

up