07:06, 25 апрель 2024 Бш

Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү белгиленди

Маданий иш-чараны 12-июлда Анталия шаарындагы "Кыргыз эли" коому жана шаардын Муратпаша районунун бийлиги уюштурду. Анын жүрүшүндө боз үйлөр тигилип, улуттук кол өнөрчүлөрдүн эмеректери коюлган.

Уюштуруучулар Анталия шаарында жашап, эмгектенип жаткан мигранттардын арасында искусство менен алектенгендерди колдоону максат кылып, сүрөт көргөзмөсүн да ачты. Туристтер менен шаар тургундарына "Манас" эпосу жана Кыргыз тарыхы боюнча илимий докладдар окулду.

Түркиянын статистика комитетинин маалыматы боюнча, Анталия аймагында 75 миңден ашык чет өлкөлүк катталган. Негизинен орусиялык, германиялык жана ирандыктар келген.

Акыркы жылдары Анталияга Борбор Азиядан барган мигранттардын дагы саны өсүп жатат. Буга чейин алты миңге жакын кыргызстандык жүргөнү расмий катталган. Жайында Түркияда иштеген кыргызстандыктардын саны мындан да көбөйөт. Расмий маалымат боюнча Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өткөн. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия ж.б ири шаарларда жашап, окуп же эмгектенет. (ElB)

 

up