18:50, 28 март 2024 Бш

Мамин: Кыргыз-казак соода алмашуусу 1 млрд долларга жетиши керек

Мамин: Кыргыз-казак соода алмашуусу 1 млрд долларга жетиши керек — Today.kg

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода алмашуунун көлөмү 2018-жылы жогорулаган. Мындай маалыматты Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин айтты. Анда ал өлкөлөрдүн ортосундагы соода алаканын дарамети мындан да жогору экенин белгилеп, ал үчүн керектүү документтерди кабыл алууга даяр экенин белгиледи.

-Казакстан эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө толугу менен даяр. Бул жыйын ортодогу кызматташтыкты жогорку деңгээлге чыгарууга шарт түзөт. Алдыда кыска убакыт аралыгында товар алмашуунун көлөмүн 1 млрд АКШ доллардык өлчөмгө жеткирүү тапшырмасы да турат.

Белгилей кетсек, Аскар Мамин Бишкекке расмий сапары менен келди. Ал кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин VIII отурумуна катышууда. Андан тышкары президент Сооронбай Жээнбеков менен да жолуга тургандыгы маалым болгон.

 

up