07:39, 20 апрель 2024 Иш

Ангела Меркелдин ден соолугуна кабатырлануу күчөдү

Ангела Меркелдин ден соолугуна кабатырлануу күчөдү — Today.kg

Меркель менен Фредриксен Сүрөттүн автордук укугу AFP Image caption Ангела Меркель жана Метте Фредериксен гимнди отуруп укту

Ангела Меркелдин расмий иш-чаралар учурунда улам эле колу калтыраган абалда көрүнгөнү Германиянын саясий чөйрөсүн бушайман кылууда. Меркелдин өлкөнү башкаруусуна ден соолугу жооп береби деген кабатырлануу күчөдү.

Меркелге байланыштуу Христиан-демократиялык партиясы ичинде карама-каршы пикирлер жаралууда. 2021-жылга чейинки мөөнөтүн иштей алабы же ордуна башка бирөө келиши керекпи? Ушул суроону башкаруучу партиянын айрым мүчөлөрү ачык эле көтөрүп жатышат. Бул тууралуу "Рейтер" агенттигине партиядагы булактары билдирген.

64 жаштагы Германия канцлеринин соңку айда үч ирет расмий жолугушуу учурунда колу калчылдап турганы телекамерадан көрүндү.

Бейшемби күнү Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен менен Берлиндеги жолугушуу учурунда Ангела Меркель гимн аткарылып жатканда ордунан турган жок. Мындайга адатта жол берилбейт. Бирок Даниянын премьер-министри мурдагыдай эле Меркелдин күүлүү-күчтүү экенин айтты.

Меркель өзүн жакшы сезип жатканын, денесинин калчылдаганы "кандай келсе, ошондой жок болорун" билдирген.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес. Украин президенти Владимир Зеленский менен 18-июндагы жолугушуу учурунда

Биринчи жолу украин президенти Владимир Зеленский менен 18-июндагы жолугушуу учурунда канцлердин колу титиреп турганы байкалган. Журналисттер түрдүү божомолдорду жазышкан. Канцлердин иш башкармалыгы баары жайында деп жооп берген эле.

27-июнда Меркель Германиянын Юстиция министрлигине Кристин Ламбрехттин дайындалышы боюнча салтанатка катышты. Президент Франк-Вальтер Штайнмайер сүйлөп жаткан учурда журналисттер Меркелдин колу калтырап турганына көңүл бурушкан.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес. 27-июнь, Меркель Германиянын юстиция министрин дайындоо салтанатында

Басма сөздөгү талкуу

Өкмөттөгү булак Stuttgarter Zeitung жана Stuttgarter Nachrichten басылмаларына Меркелдин колунун калтыроосу психологиялык абалдан улам деп айткан. Sueddeutsche Zeitung басылмасынын автору Германиядагы жогорку кызматтагы саясатчылардын жеке дарыгери жок, деп жазат.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

"Жакшы, канцлердин аппаратынын жетекчиси Хельге Браун адистиги боюнча анестезиолог жана реанимация бөлүмүнүн дарыгери", -деп жазган басылма.

Германиялык басылмалар "бийликте турган 14 жыл ичинде Меркель өзүнүн физикалык жана психологиялык күчтүүлүгүн, чыдамкайлыгын көрсөтүп келгенин" белгилеп, ага эмне болду деп тынчсызданган пикирлерди жазууда.

Бирок саммитке баруу үчүн узак жолго медициналык учакта эмес, адаттагы эле учак менен барганын дагы белгилешти. Журналист Франц Йозеф Вагнердин пикиринде, Ангела Меркель "чарчап тургандай".

"Канцлер калтырабашы керек. Ал калтыраса, анда мамлекет калтырайт. Анын ден соолугу темирдей болушу абзел. Канцлер таң атпай туруп, түн бир оокумга чейин сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Уйкусу өтө аз болот",-деп жазат Вагнер Bild басылмасына.

Автор Меркелге "эс алыңыз" деп кеңеш берет. Басылма канцлердин абалын балким суунун жетишсиздиги же гипогликемия жана гипогликемиялык шок болушу мүмкүн деп болжойт.

"Бул Меркелдин ден соолугу тууралуу суроолорду жаратты",-деп белгилейт Tagesspiegel басылмасынын сайты.

Автор мындай абалга эс алуусуз тынбай иштеген кишилер учурашы мүмкүн деп болжойт. "Бирок бул соңку сегиз күн ичинде экинчи жолу болуп жатат",-деп жазат басылма.

Focus басылмасы Меркелдин симптомдорун адис менен талкуулаган. Адистер бул олуттуу илдет болушу мүмкүндүгүн дагы четке какпайт.

18-июнда Меркелдин колу калтырап турганын көргөн Германиянын үй-бүлөлүк дарыгерлер ассоциациясынын жетекчиси Якоб Бергер "тынчсызданууга негиз жок" деп айткан. Эми экинчи ирет кайталангандан кийин "медициналык түшүндүрмөнү дароо табуу керектигин" билдирди.

Меркелде паркинсон илдети дагы болушу мүмкүн, дейт дарыгер.

"Ар дайым жумуш артынан чуркап, иш чарадан колу бошобогон Ангела Меркель сыяктуу кишилер мындай симптомдорду жашырып жүрүшү дагы мүмкүн. Бирок анын дарыгерлери андан толук маалымат алышы керек",-деген Бергер. (AbA)

up