23:59, 28 март 2024 Бш

Премьер-министр өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө кырдаалдар жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча атайын жыйын өткөрүп, алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды. Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов акыркы күндөрү Жалал-Абад, Баткен, Ош жана Нарын облустарынын айрым тоолуу аймактарында сел жүргөн учурлар көбөйгөнүн билдирди.

- Биздин айылдар менен шаарларды селден, жер титирөөдөн, жер көчкүдөн коргош үчүн жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алыш үчүн сапаттуу, комплекстүү иш аткарышыбыз керек. Жарандардын өрт менен суудагы коопсуздугуна, өзгөчө жаш балдардын коопсуздугуна көңүл бурушуңуздарды өтүнөм, - деди Абылгазиев.

Туристтик сезондо бардык курорттук аймактарда жана башка көп эл чогулган жерлерде коопсуздук чараларын күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар кызматынын башчысы Урмат Шамырканов «Азаттыктагы» маегинде Кыргызстанда сууга чөгүп каза болгондор көбөйгөнүн айткан. Анын айтымында, быйыл жыл башынан бери өлкөдө 70 адам сууга чөгүп кетти, былтыр 55 чөгүп кеткен. Алардын көбү жайкы эс алуу маалы башталгандан кийин каза болгон. (КЕ)

 

up