04:25, 19 апрель 2024 Жм

Кыргызстандык акын Казакстанда Абай медалы менен сыйланды

Кыргызстандык акын Перизат Алмаз кызы Казакстандын Абай медалы менен сыйланды. Сыйлык «Казак-Кыргыз адабий-маданий алакаларын жүргүзүп, Абайды Манастын тилинде сүйлөткөндүгү үчүн» деп берилген. Бул тууралуу Кыргыз улуттук жазуучулар бирикемсинин катчысы Чолпон Орозалиева кабарлады. Маалыматка ылайык, бул медаль кыргызстандык акынга Казакстандын борбору Нур-Султанда өтүп жаткан «Евразия борборлорунун жазуучулары» эл аралык форумунда тапшырылды.

«Дүйнөлүк адабият: стереотиптерди жоюу» деп аталган эл аралык форумга Испания, Монголия, Египет, Бириккен Араб Эмираттары, Тажикстан, Украина, Түркия, Азербайжан, Израил, Өзбекстан, Армения, Орусия өңдүү бир катар өлкөлөрдөн акын-жазуучулар жана адабият уюмдарынын жетекчилери катышкан.

4-5-июлда Нур-Султанда өткөн иш-чарага Кыргызстандын атынан Кыргыз улуттук жазуучулар бирикмесинин төрагасы Нурлан Калыбеков жана жаш калемгер Перизат Алмаз кызы катышып келди. Форум Казакстан Жазуучулар бирикмесинин демилгеси менен алгачкы ирет уюштурулуп жатат.

 

up