16:56, 25 апрель 2024 Бш

Маркум Молдакун Абдылдаевдин жубайынын сөөгү табылды

Маркум Молдакун Абдылдаевдин жубайынын сөөгү табылды — Today.kg

Жайыл районундагы Көкөмерен дарыясынан өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы, маркум Молдакун Абдылдаевдин аялы Тинатин Шадыканованын сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, сөөктү бүгүн, 10-июлда кечки саат 17.20 чамасында Көкөмерен дарыясынан, Арал айылынан ылдый тарапты көздөй 2 чакырым аралыктан табууга мүмкүн болду. Учурда маркумдардын 26 жаштагы уулун издөө иштери уланууда.

Абдылдаев, анын аялы, баласы жана 8 жаштагы небереси, айдоочусу түшкөн автоунаа  30-июнда Суусамырга Кожомкулдун 130 жылдыгына бараткан учурда кырсыкка  кабылып, Көкөмерен дарыясына агып кеткен. 2-июлда Молдакун Абдылдаев менен анын айдоочусунун, 4-июлда небереси Сафиянанын сөөктөрү табылган. Калган экөө изделип жаткан.

Молдакун Абдылдаев менен небереси 6-июлда жерге берилди. Ага чейин айдоочу акыркы жайга узатылган.

up