21:45, 23 апрель 2024 Шш

Жээнбеков Москвада Путин менен жолугушат

Бүгүн, 11-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Москвага барып, Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушат. Кремлдин басма сөз кызматы Жээнбеков Москвада кыска мөөнөттөгү иш сапары менен болоорун билдирди.

Бирок эки тараптын кездешүүсүндө кайсы маселелер көтөрүлө турганы айтылган жок.

Сооронбай Жээнбеков 9-июлдан бери Швейцарияда расмий сапар менен жүрөт. Анын сапары бүгүн аяктайт.

10-июлда президент Швейцариянын башчысы Ули Маурер баштаган расмий өкүлдөр менен жолугушту. Маурер менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында өз ара кызматташтык боюнча бир катар келишимдерге кол коюшту. Анын ичинде жер-жемиштер боюнча экономикалык долбоор, суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү, Кыргызстандын мамлекеттик карызды башкаруу тармагын бекемдөө, кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү, суу ресурстарын интеграциялык башкаруу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө документтер бар. (NT)

 

up