02:54, 17 апрель 2024 Шр

"Forbes" журналы эң көп киреше тапкан жылдыздардын рейтингин жарыялады

Forbes журналы эң көп киреше тапкан жылдыздардын рейтингин жарыялады — Today.kg

ырчы Тейлор СвифтБелгилүү "Forbes" журналы дүйнөлүк жылдыздардын кирешелерин эсептеп, эң көп киреше тапкандардын ретингин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каржаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, рейтингдин сап башында 12 айда 185 миллион доллар киреше тапкан белгилүү ырчы Телойр Свифт жайгашкан. Ал эми 2-орунда америкалык топ-модель жана косметикалык компаниянын жетекчиси өзүнүн 170 миллион доллары менен Кайли Женнер жайгашкан. 3-орунда рэпер Ким Кардашьяндын күйөөсү Канье Уест өзүнүн 150 миллион доллары жайгашкан.

Алдыңкы бештиккке аргентиналык футболчу Лионель Месси (120 миллион доллар) жана британиялык поп-ырчы Эд ШИран (110 миллион доллар) жазылышкан.

Айта кетсек, топ-100гө киргендердин көбүнчөсү музканттар (34 адам) жана спортчулар (34 адам)

 

up