10:33, 24 апрель 2024 Шр

Сатыбалдиев сотко нааразычылык билдирди

Сатыбалдиев сотко нааразычылык билдирди — Today.kg

Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иштер боюнча айыпталып жаткан мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев сотко нааразычылык билдирди. Ал айыпталуучуларды кылмышкер катары колуна кишен салып алып келгенин кескин сындады. Бул тууралуу ал Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтүп жаткан бүгүнкү соттук териштирүү учурунда айтты.

«Соттун имараты милиция менен кайтарылып турат. Бизди кылмышкер сыяктуу кишендеп алып келишет. Бул иш боюнча тергөөдөн, жоопкерчиликтен эч ким качкан жок. Жазыксыздык жоромолу кандай болуп калат? Модернизация боюнча эч ким, эч кандай мыйзам бузган эмес. Кытай тарап жок. Мен эч кандай суроолорго жооп бербейм, суроо да бербейм. Оозумду скотч менен бекитип алам. Бийлик гумандуулук жөнүндө сөз кылбай эле койсун», — деди мурдагы Өкмөт башчысы.

Отурумга төрайымдык кылган судья Инара Гилязетдинова айыпталуучуларды сот отурумуна алып келүү жалпы эреже боюнча жүргүзүлүп жатканын айтып, сот бул эрежени өзгөртө албастыгын белгиледи.

Азыркы күндө УКМКнын тергөө абагында мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Жогорку Кенештин депутаты Осмонбек Артыкбаев, Энергосектордун топ-менеджерлери Салайдин Авазов жана Айбек Калиев кармалууда. Ал эми мурдагы Финансы министри Ольга Лаврова үй камагына чыгарылган.

Булак: Марал ФМ

up