12:41, 25 апрель 2024 Бш

Зеленский сынга кабылды

Интернетте Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жыйын учурунда кызыктай болгон видеосу таркады.

Кадр учурунда бир орунда отура албай, эки жагын каранып, кабагын чытып, кайра-кайра суу ичкенин көрсө болот. Жанындагы сүйлөп жаткан чиновниктерге көңүл бурбай, өзүнчө эле бирөөлөргө сүйлөп жатканы байкалат.

Видео Зеленскийдин Батыш Украинага болгон сапары учурунда, Закарпат бажы бекетинде тартылган.

Интернетке таркаган видеого колдонуучулар ачууланган жана шылдыңдаган тариздеги ар кандай билдирүүлөрдү калтырышкан.

up