БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Мэриянын алдындагы "Бишкек асфальтсервис" ишканасынын эки кызматкери иш учурунда кырсыктаганын муниципалитеттен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, биринчи окуя 5-июлга караган түнү таңкы саат 5терге чукул болгон. Абдырахманов менен Скрябин көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдун аң-чөнөгүн оңдоп жаткан кызматкерлерин Honda Fit унаасын айдап бара жаткан киши келекелеген. Мас айдоочу жумушчуларды тапанча менен коркутуп, бирин курал менен башка чаап, из суутуп кеткен. Ушу тапта 29 жаштагы жабырлануучу Республикалык оорукананын Нейротравматология бөлүмүндө дарыланып жатат.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков Сабалып, кулагы укпай калган Акыл. Ата-энеси шектүү жазаланбай жатканына нааразыАл эми экинчи окуя 6-июлга караган түнү катталган. Иштеп жаткан 45 жаштагы кызматкерди унаа коюп кеткен. 24 жаштагы айдоочу түшүнүк катында соо экенин, рулда баратып телефонго алаксып, кырсыкка кириптер болгонун жазып берген. Ал эми жабырлануучу учурда Бишкектин Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун реанимациясында комада жатат. Абалы оор деп бааланууда.
Мэрия жабыркаган эки кызматкер тең кырсык маалында коопсуздук эрежелерин сактап жүргөнүн белгиледи.