17:20, 29 март 2024 Жм

УКМК: Икрамжан Илмияновдун иши боюнча тергөө аяктады

УКМК: Икрамжан Илмияновдун иши боюнча тергөө аяктады — Today.kg

Икрамжан Илмияновго козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, Икрамжан Илмияновго ушул жылдын 10-июнунда козголгон кылмыш иши тергелип бүттү. Учурда тергөөнүн материалдары жоопко тартуу актысын бекитүү жана ишти сотко өткөрүү үчүн Башкы прокуратурага жиберилди.

Эске салсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголгон.  Ага алдоо жолу менен 150 миң АКШ долларын мыйзамсыз ээлеп алган деген айып коюлуп, камакка алынган.

up