05:44, 20 апрель 2024 Иш

Төрага жубайынын бизнеси тууралуу айтып берди

Төрага жубайынын бизнеси тууралуу айтып берди — Today.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков дары-дармектерди дүңүнөн сатуу менен алектенерин билдирди.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы спикерден сессиянын жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйынында "Адатта аткаминерлердин декларацияда көрсөтүлбөгөн байлыктарынын баары жубайынын бизнеси аркылуу келген болуп чыгат. Сиздин жубайыңыз да бизнес менен алектенеби?" деп сураган.

"Жубайымдын чакан ишканасы бар. Аны чоң деп айта албайм. Ал ишканасы жана башка бизге тиешелүү мүлк декларацияда көрсөтүлгөн", — деп жооп берди төрага.

Бирок кабарчы ал компания дары-дармектерди дүңүнөн сатуу менен алектенерин белгилеп кайра суроо узатканда, бүгүнкү күндө ал ишканасы жабылганын айтты.

"Анын товар айлантуусун эле карап көрсөңүз, ошон үчүн чакан деп жатам. Бирок бүгүнкү күндө ишти токтотуп койду. Чынын айтканда, ушундай сөздөрдөн алыс болоюн деди. Юридикалык жак катары катталып турат, бирок ишин токтоткон", — деди Жумабеков.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков. Архив © Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша

Юстиция министрлигинин сайтына жарыяланган документте Дастан Жумабековдун аялы Алина Кушубекова Фармацевтикалык товарларды дүңүнөн сатуу менен алектенген "Ал-Био фарм" ЖЧКсынын директору катары көрсөтүлгөн.

Мурда бул компаниянын төрт жетекчиси болгон. Алар: Чолпон Кыдырбекова, Чыңгыз Изабеков, Алина Кушубекова, Алмазбек Изабеков.

2017-жылдын 3-ноябрында кайра каттоо болуп, төраганын жубайы Алина Кушубекова директорлукту Алмазбек Изабековдон өткөрүп алган. Түптөөчү катары да Изабеков менен Кушубекова экөө эле калган. Белгилей кетсек, Дастан Жумабеков андан бир жума мурда, 25-октябрда төрага болуп шайланган.

up