15:35, 23 апрель 2024 Шш

Түлеев Атамбаевге каршы штаб түзүп, митинге даярданып жатат

Түлеев Атамбаевге каршы штаб  түзүп, митинге даярданып жатат — Today.kg

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы штаб түзүп, аны жетектей турганын билдирген эле.

"Түзүлө турган элдик штаб Атамбаевдин резиденциясына чейин жөө жүрүшкө чыгып, мурдагы президенттин мыйзам чегинде жоопко тартылышына чакыруу жасоону пландоодо", - деген.

3-июлда ал штабдын иши тууралуу маалымат берди. Анда жүрүшкө катыш тургандардын саны көбөйүп жатканы жөнүндө айтылат.

"Бүгүнкү күндө миңдей адам кайрылды, жүздөгөн чалуулар болуп жатат. Биз муну күткөн эмеспиз жана координациянын оңдоого аракет кылып жатабыз.

Атамбаевдин үйүнө баргысы келип, аны менен бирге мыйзамдуулуктун сакталышыны, башаламандык жана толкундоолорду болтурбоону каалагандардын саны миңдеп саналат. Анын иш аракеттеринен улам чет элдик басылмаларда жадакалса АКШнын мамлекеттик департаменти туристтер үчүн эскертүү таратты. Ал миңдеген жарандар арасында кыжырданууну жаратты. Өз кызыкчылыгы үчүн өлкөнү ыңгайсыз абалда көрсөтүүгө даяр экен. Ага карата массалык жек көрүү болорун күткөн эмесмин бирок бул факт.

Учурда координация бузулбашы үчүн тизме түзгөнү жатабыз. Чагымчылдыктан коргонуу үчүн атчандар тобу түзүлдү. Азырынча алардын саны 80-100. Дагы кошуларын убадалап жатышат", - дейт Түлеев. 

up