Июнь айында Жогорку Кеңештин депутаттары жети мамлекетке барып келген. Бул тууралуу парламенттин сайтында маалымдалды.
Ал жерден ошондой эле жүйөлүү себептер менен Жогорку Кеңештин жыйынына катышпай калган депутаттардын да аты-жөнүн табууга болот.
Июнь айында кайсы депутат кайсы мамлекетке барып келген:
Аргентина (Буэнос-Айрес) — Дастан Бекешев, КСДП фракциясынын депутаты;
АКШ — Дастан Бекешев Нью-Йоркко барса, Айнура Осмонова (КСДП) менен Акылбек Жапаров ("Бир Бол") Орландодо болгон;
Франция (Страсбург) — Исхак Пирматов ("Бир Бол"), Сагындык Келдибаев ("Республика — Ата-Журт");
Грузия — Аалы Карашев (КСДП);
Сингапур — Элвира Сурабалдиева (КСДП);
Япония (Токио) — Рада Туманбаева ("Республика — Ата Журт")
Россия (Москва) — Исхак Масалиев ("Өнүгүү — Прогресс")
27-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы аяктап, депутаттар каникулга чыкты.