Аламүдүн районунда 25 жаштагы жигит сууга агып кетти. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.
Алардын айтымында, бөөдө кырсык бүгүн, 29-июнда болду.
«Учурда сууга агып кеткен жигит изделип жатат. Кырсык болгон жерге куткаруучулар дагы келишти. Ал Аламүдүн суусунун жээгинде отун жарып отуруп, сууга кулап кетиптир», - дешти күбөлөр.
Ал эми кырсык орун алганын ӨКМден тастыкташты.
«Кырсык боюнча ӨКМдин Аламүдүн райондук бөлүмүнө саат 13:00дө кабар түштү. Учурда 9 куткаруучу жеринде издөө иштерин жүргүзүп жатат. Дагы кошумча күчтөр тартылат», - деп билдиришти аталган бөлүмдөн.
Буга чейин 23-майда 16 жаштагы кыз өзүн сүрөткө тартам деп, сууга агып кеткен. Көп өтпөй анын денеси кулаган жерден 1 чакырым алыстыкта табылган.