02:46, 24 ноябрь 2024 Жш

Бутум ооруксунду... 44 саатта Ысык-Көлдү айланып чуркап өткөн жоокер. Сүрөт

Улуттук гвардиянын улук сержанты Кайратбек Рапиев Ысык-Көлдү айланып, 374 чакырым жолду чуркап өттү. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

  • Старший сержант Национальной гвардии КР Кайратбек Рапиев пробежал 374 километра вокруг озера Иссык-КульУлуттук гвардиянын сержанты Кайратбек Рапиев Ысык-Көлдү айланып, 374 чакырым жолду чуркап өттү © Фото / Толкун Раимжанов
  • Старший сержант Национальной гвардии КР Кайратбек Рапиев пробежал 374 километра вокруг озера Иссык-КульБелгилей кетсек, Рапиев 26-июнь күнү саат 19.00дө Балыкчыдан чыккан © Фото / Толкун Раимжанов
  • Старший сержант Национальной гвардии КР Кайратбек Рапиев пробежал 374 километра вокруг озера Иссык-КульЖоокер үч суткада Балыкчы — Тоң — Каракол — Чолпон-Ата жолун басып өтмөк © Фото / Толкун Раимжанов
  • Старший сержант Национальной гвардии КР Кайратбек Рапиев пробежал 374 километра вокруг озера Иссык-КульАл 28-июнда саат 15.00дө, башкача айтканда, 43 саат 55 мүнөт 33 секунд дегенде Чолпон-Ата шаарына кирген © Фото / Толкун Раимжанов
  • Старший сержант Национальной гвардии КР Кайратбек Рапиев пробежал 374 километра вокруг озера Иссык-КульМаалыматка ылайык, жоокер алгач 600 чакырым жолду чуркап өтүүгө белсенип жаткан, бирок дарыгерлердин кеңеши менен андан азыраак жолду баскан. © Фото / Толкун Раимжанов

Белгилей кетсек, Рапиев 26-июнь күнү саат 19.00дө Балыкчыдан чыккан. Жоокер үч суткада Балыкчы — Тоң — Каракол — Чолпон-Ата жолун басып өтмөк.

Ал 28-июнда саат 15.00дө, башкача айтканда, 43 саат 55 мүнөт 33 секунд дегенде Чолпон-Ата шаарына кирген.

Маалыматка ылайык, жоокер алгач 600 чакырым жолду чуркап өтүүгө белсенип жаткан, бирок дарыгерлердин кеңеши менен андан азыраак жолду баскан.

"Ден соолугу жакшы. Марафондон кийин буту ооруксунуп, дарыгерлер текшеришти. Уктабай 44 саат чуркады, басып баратып жемиш, шоколад жеп жатты. Токтобой кийимин алмаштырып, дарыгерлер улам кан басымын текшерип турду. Дүйшөмбү күнү Генералдык штабдын жетекчиси чакырды, жоокер сыйланат", — деп айтылат билдирүүдө.

Рапиев буга чейин эч кимге эч нерсе дебей эле Балыкчыдан Бишкекке чейин чуркап, 22 саатта 190 чакырымды басып өткөн.

Эми америкалык ультрамарафончу Дин Карнасистин рекордунан өтүүгө аракет кылып жатат. Атактуу жөө күлүк 2005-жылы өз мекенинде көлдү айланып, 560 чакырымды 80 саат 44 мүнөттө чуркап өткөн.

up