Бүгүн, 26-июнда, Улуттук гвардиянын №10128 аскер бөлүгүнүн улук сержанты Кайратбек Рапиев Балыкчы — Тоң — Каракол — Чолпон-Ата багыты боюнча ультрамарафонго чыкты.
Улуттук Гвардиянын маалымат катчысы Толкунбек Райымжановдун айтымында, Рапиев мындай аракетин Улуттук Гвардиянын түзүлүшүнүн 27 жылдыгына арнаган. Андан сырткары, жаштарды сергек жашоого үндөөнү да максат кылган.
Рапиев 26-июнда саат 19:00дө чуркап чыгып, үч сутка тынбай Балыкчыдан Чолпон-Атага айланма жол менен келмей болду. Жолдон 30-40 мүнөткө токтоп, тамактанып, кийимин алмаштырмакчы.
Жөө күлүктү Улуттук Гвардиянын медициналык кызматкерлери коштоп жүрөт.
Эскерте кетсек, Рапиев буга чейин Балыкчы шаарынан Бишкекке дейре чуркаган болчу. 30 жаштагы жоокердин эки кызы бар.