05:16, 24 ноябрь 2024 Жш

Жубайы менен кошо сууга аккан адамды издөө убактылуу токтотулду

20-июнь күнү Араван районунун Нур-Абад айыл өкмөтүнө караштуу Кайрагач-Арык айылында каналга агып кеткен жубайлардын бири — 33 жаштагы Х.Х.ны издөө иштери 2 күнгө убактылуу токтотулду. Себеби каналдагы суунун деңгээли көтөрүлүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

ӨКМдин маалыматына караганда, суунун денгээли 2 күндөн кийин азайтылат жана издөө иштери улантылат.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, 1986-жылы туулган Х.Х. айылда телефон оңдоп, үй-бүлөсүн устачылык кылып багып келген.

Х.Х.нын жубайы — 1997-жылы туулган А.Г.нын денеси 22-июнь күнү Өзбекстандын аймагынан табылган. Издөө иштерин Өзбекстандын куткаруучулары жүргүзгөн. 23-июнь күнү А.Г.нын денеси туугандарына өткөрүлүп берилген.

 20-июнь күнү сууга агып кеткен жубайларды жеринде издөө үчүн ӨКМден жалпы 22 куткаруучу, ИИМден 20 кызматкер тартылган.

21-июнь күнү дагы издөө иштери улантылып, ӨКМдин Кризистик кырдаалда башкаруу борборунун кызматкерлери тарабынан Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине издөө иштерине көмөктөшүү жөнүндө кат жолдонгон. 

up