11:23, 20 апрель 2024 Иш

Шавкат Мирзиёев президенттикке талапкер катары бекитилди

Өзбекстанда 30-майда ишкерлер кыймылы менен Либерал-демократиялык партиянын съездинде азыркы өлкө башчысы Шавкат Мирзиёевди президенттикке талапкер катары бекитти. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы билдирди.

Президенттик администрацияга жакын «Источник» телеграм каналы билдиргендей, президент шайлоо алдындагы программасында өнөр жайдагы «мегадолбоорлор», Улуттук социалдык камсыздоо агенттигин түзүү, автоунаалардын чыгарууну көбөйтүү жөнүндө айткан.

Мыйзамга ылайык, Либерал-демократиялык партия президенттикке талапкер Шавкат Мирзиёевди каттоо өтүнүчү менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылат.

Өзбекстанда 9-июлда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт.

30-апрелде Өзбекстанда Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жалпы элдик референдум өттү.

1995-жылы өткөн референдумдун жыйынтыгы менен Өзбекстандын ошол кездеги президенти Ислам Каримов шайлоо өткөрбөстөн бийликте дагы бир мөөнөткө калган. 2002-жылы Конституция азыркыдай эле өзгөртүлүп, президенттин ыйгарым укуктары 5 жылдан 7 жылга узартылган.

up