22:01, 29 март 2024 Жм

Курулуп жаткан үйдөн батир алууда кайсы документтерди сураш керек? Тизме

Жаңы курулуп жаткан үйлөрдөн батир алууда кардарлар кызыл китебине эле басым жасай бербей ал курулуштун долбоору экспертизадан өткөндүгүнө көңүл бурушу керек. Бул тууралуу Камчыбек Кенжетаев  билдирди.

Курулуп жаткан үйдөн батир алууда кайсы документтерди сураш керек? ТизмеАнын айтымында, үйдү котлованынан тарта алып жаткан адам сөзсүз түрдө анын долбоору менен таанышып алуусу зарыл.

"Жаңы салынып жаткан көп кабаттуу турак жайлардан батир алууда жарандар кызыл китебине басым жасашат. Бирок бул ошол жерге курулуш курууга уруксат берилди деген гана документ. Ал эми кандай имарат түшөрү экинчи маселе. Балким курулуш компаниясы бир кабаттуу имарат салынат деп кызыл китеп жасатып алгандыр. Ошондуктан кардар кызыл китептен сырткары рекламада көрсөтүлгөн үйдүн долбоору менен таанышып, анын мамлекеттик экспертизадан өткөндүгүн тактап алышы шарт. Ошол экспертизанын корутундусунда кандай арматура, бетон колдонулат, аймак кайсы деңгээлдеги сейсмикалык квадратка киреринин баары жазылат. Курулуштун жүрүшүндө компания экспертизанын корутундусундагы эрежелерди сактап салган болсо мындай үйдөн чочулабай батир ала берүүгө болот", — деди Кенжетаев.

Ал экспертизанын корутундусу жок салынган үйлөр кийин мыйзамсыз курулуш катары бааланып, батир алгандар жабыркап калышы ыктымалдыгын кошумчалады.

Булак: Sputnik

up