06:42, 25 апрель 2024 Бш

Чолпон-Ата шаарында жаңы сейил бак ачылды

Президент Садыр Жапаров 30-майда Чолпон-Ата шаарында анын тапшырмасы менен курулган жаңы паркты ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эс алуу жана сейилдөө үчүн жерди уюштурууну мамлекет башчысы демилгелеп, бул максатта № 2 Мамлекеттик резиденциясынын аймагын бөлүп берген.

Парктын жалпы аянты 16 гектарды түзөт, анын аймагында: амфитеатр, веложол, көпүрөлөр, фонтан, жасалма арал жайгашкан. Парк Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди.

Президент өз сөзүндө бул парк шаар тургундары жана туристтер үчүн фестивалдарды жана башка маданий иш-чараларды жыл бою өткөрө турган жагымдуу жайга айланат, деген ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров парк жарым жылдай убакыттын ичинде курулганын жана бул долбоор курулушка туура мамиле кылуу менен мындай объектилерди ачууга болорун дагы бир жолу далилдеп жатканын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы инвесторлорду колдоо, алар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, өзгөчө өлкөнүн жыргалчылыгы жана өнүгүүсү үчүн бир нерсе курууну каалаган ата мекендик инвесторлорго жардам берүү керектигине өзгөчө басым жасады.

Президент Чолпон-Ата шаарынын аксакалдарына кайрылып, өсүп келе жаткан муунду өздөрүнүн жана Кыргызстандын келечеги жөнүндө ойлонушу үчүн мекенчилдикке тарбиялоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

img 20230531 003204 883 Чолпон-Ата шаарында жаңы сейил бак ачылды img 20230531 003204 821 Чолпон-Ата шаарында жаңы сейил бак ачылды img 20230531 003204 507 Чолпон-Ата шаарында жаңы сейил бак ачылды 4b7d1d9b 3ff1 476a b4a6 52a542d3df14 1 Чолпон-Ата шаарында жаңы сейил бак ачылды img 20230531 003204 399 Чолпон-Ата шаарында жаңы сейил бак ачылды img 20230531 003124 454 Чолпон-Ата шаарында жаңы сейил бак ачылды img 20230531 003124 342 Чолпон-Ата шаарында жаңы сейил бак ачылды img 20230531 002554 146 Чолпон-Ата шаарында жаңы сейил бак ачылды img 20230531 003124 320 Чолпон-Ата шаарында жаңы сейил бак ачылды img 20230531 003123 788 Чолпон-Ата шаарында жаңы сейил бак ачылды

up