17:01, 24 апрель 2024 Шр

Ленин округундагы шайлоо чатагы: добуш сатып алуу боюнча иш козголду

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын окуясы боюнча кылмыш иши козголду.

Бишкек шаардык ИИББдин Тергөө кызматы Кылмыш кодексинин 196-беренеси ("Добуш сатып алуу") боюнча иш козгоду."У. Р. жана А. А. аттуу жарандар кармалып, ШИИББдин убактылуу кармоо жайына киргизилди. Алар тергөө иштери учурунда тартип сакчылары менен кызматташып, иликтөө жүрүп жатат", — деп айтылган маалыматта.

Бишкек шаарындагы Ленин шайлоо округунда талапкерди тандоо жараяны 28-майда өткөн. Азырынча жыйынтыгы так чыга элек, бирок алдын ала берилген маалыматтарда талапкер Ниязалиева 6000 добуш алып алдыда келе жаткан.

Ал эми 29-майда социалдык тармактарга аудио жазуу тараган. Анда Ниязалиеванын үнүнө окшош бирөө агитатору менен добуштарды сатып алууну талкуулап, 200дөн ашуун адамга 2000 сомдон берери айтылган. Ошол эле түнү милиция талапкердин штабында тинтүү жүргүзгөн. Ниязалиева өзү аудио монтаждалганын, бул аны каралоо аракеттери экенин билдирүүдө.  

up