11:35, 20 апрель 2024 Иш

Дамира Ниязалиеванын штабынын 2 кызматкери камакка алынды

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабынын эки кызматкери (У. Р. жана А. А.) кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси «Шайлоочулардын добушун сатып алуу» боюнча кылмыш иши козголуп тергөө уланууда.

ШИИБден шектүүлөр тергөө менен кызматташып жатканын белгилешти.

Эске салсак, 28-майда №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматтарына ылайык, добуш берүүгө 125 миңдей шайлоочунун 13,95% же, 17 423ү гана катышты. 29 талапкердин ичинен алдыга чыккан Ниязалиева 35%, же 6 242 добуш алган.

29-майдын түнүндө Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабында тинтүү жүргүзгөндөн кийин эшигине мөөр басылган.

Жактоочунун айтмында, тинтүү иши эки сааттан ашуун созулуп, кеңседен үч ноутбук жана 30 барак штабдын ишине байланыштуу документтерди алып кетишкен.

Милиция кызматкерлери интернетте тараган аудио жазмадан соң кылмыш иши козголуп, тинтүү ошонун негизинде жүрүп жатканын маалымдашты.

up