03:28, 29 март 2024 Жм

Унаалардын терезесин караңгылатуудан канча акча түшкөнү айтылды

 "Унаа" мамлекеттик мекемеси айдоочуларды автоунаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуунун мөөнөтүн узартып алууну эскертти.Белгилей кетсек, алдыңкы эшиктердин терезелерин караңгылатууга уруксат кагазы бир жылдык мөөнөткө берилет. Мындай мыйзам 2022-жылдын 1-июнунан тарта иштеп келе жатат.

"Кээ бир айдоочулардын жана юридикалык жактардын 1-июнда мөөнөтү аякташы мүмкүн, андыктан унаанын терезелерин караңгылатуунун мөөнөтүн узартып алууну сунуштайбыз. Болбосо мыйзамда белгиленген айып пул салуу чарасы колдонулат", — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле мекеме унаанын терезелерин караңгылатуудан 2022-жылдын июнунан ушу күнгө чейин бюджетке 236 миллион сом түшкөнүн белгиледи. Белгилей кетсек, бир жылдык мөөнөткө уруксат алуу үчүн жеке жактар 80 миң, юридикалык жактар 100 миң жана чет элдиктер 120 миң сом төлөшү шарт.

 

up