23:13, 25 апрель 2024 Бш

Улуттук банк жумушка чакырат. Вакансиялар

Улуттук банк адистерди жумушка чакырып, вакансиялардын тизмесин жарыялады.

Маалыматка ылайык, башкы банкта төмөнкү бош кызмат орундары бар:

- Финансылык туруктуулукка мониторинг жүргүзүү бөлүмүндө;

- Бухгалтердик эсепке алуу жана отчёттуулук башкармалыгында;

- Улуттук банктын туунду жана ассоциацияланган уюмдарын тескөө бөлүмүндө;

- Ысык-Көл облустук башкармалыгына улук бухгалтери;

- Ысык-Көл облустук башкармалыгынын көзөмөл бөлүмүнүн башкы инспектору;

- Ош облустук башкармалыгынын көзөмөл бөлүмүнүн башкы инспектору.

Документтер 2023-жылдын 12-июнуна чейин кабыл алынат.

Сынакка катышуу үчүн адистерге болгон талаптар, алардын функционалдык милдеттери жана тиешелүү документтердин тизмеси тууралуу маалыматты Улуттук банктын сайтынан (www.nbkr.kg) алууга болот.

Бардык суроолор боюнча Бишкек шаары, Чүй проспекти, 168 дареги боюнча же (0312) 61-10-21 жана (0312) 66-90-18 телефондору аркылуу; 

Каракол шаары, Токтогул көчөсү, 265 дареги боюнча же (03922) 5-12-49, 5-12-46; 0559 88 24 10 телефондору аркылуу;

Ош шаары, Курманжан датка көчөсү, 119 дареги боюнча же (03222) 4-81-93 жана 0552 02-14-10 телефондору аркылуу кайрылууга болот.

 

up