16:38, 20 апрель 2024 Иш

Журналисттик иликтөөлөр фондунун Байкоочу кеңешинин курамы алмашты

Маркум Уланбек Эгизбаевдин урматына уюшулган Журналисттик иликтөөлөр фондунун (ЖИФ) кезектеги жыйынында фонддун Байкоочу кеңешинин жаңыланган курамы түзүлдү.

Аталган фонддун маалыматына караганда, кеңешке журналист, активист жана саясатчылардан Азамат Тынай, Өндүрүш Токтонасыров, Бурулкан Сарыгулова, Алмаз Исманов, Акылбек Ташбулатов, Шамил Ибрагимов, Эдил Жаныбаев, Тынымгүл Эшиева, Улан Үсөйүн, Абдывахап Нурбаев жана Аскер Сакыбаева мүчө болушту.

Жыйында катышуучулар фонддун Байкоочу кеңешинин төрайымдыгына Аскер Сакыбаеваны жана аткаруучу директорлугуна Гладис Темирчиеваны шайлады.

Аталган фонддун долбоорлорунун координатору Гүлмира Эсенгелдиева уюмдун буга чейин ар кыл багыттагы аткарган иш-чаралары боюнча отчет берди. Аягында фонддун жаңы жетекчилигине тиешелүү документтер тапшырылды.

Аскер Сакыбаева – журналист, редактор, медиа-эксперт. УТРКда кабарчы, “Асаба”, “Агым гезиттеринде кабарчы, жооптуу катчы, баш редактордун орун басары болуп эмгектенген. “Жетиген”, “Алас” журнал-гезиттеринде да жетекчилик кызматтарды аркалаган. 2009-2015-жылдарда “Агым”, “Жаңы Агым” гезитинин баш редактору болуп эмгектенген.

Гладис Темирчиева – Vesti.kg сайтынын башкы редактору. Өкмөттүк эмес уюмдарда, адвокатурада, EMTV каналында, УТРКда иштеген.

Журналисттик иликтөөлөр фонду Кыргызстанда бул жанрдын өнүгүшүнө көмөктөшүү, ЖМК өкүлдөрүнүн коррупцияны, кылмыштуу схемаларды жана мыйзамсыз аракеттерди аныктоого багытталган демилгелерин колдоону максат кылат. Уюм иликтөөчү журналисттерге каржылык колдоо көрсөтүп, ошондой эле резонанстуу иликтөөлөрдүн негизинде коомдук талкууларды жана пикир алмащууларды өткөрөт.

Фонд Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкты негиздеген. Ал беш жылдан бери журналисттик иликтөө жаатындагы эң мыкты жетишкендиктер үчүн ыйгарылат.

"Азаттыктын" резонанстуу темаларды иликтеп жүргөн кабарчысы Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду 2018-жылы 14-сентябрда ишин баштаган. Фондду 2018-2021-жылдары Айбек Турдалиев, 2021-2022-жылдары Аделя Лаишева жетектеген. Байкоочу кеңешке Султан Каназаров төрагалык кылып келген. (ErN)

up