13:40, 29 март 2024 Жм

Румынияда миңдеген мугалимдер нааразылык акциясына чыкты

Румыниянын баш калаасы Бухарестте 30-майда түмөндөгөн мугалимдер өкмөт алдында жүрүшкө чыгышты. Алар айлык акыны көтөрүүнү, билим берүү тармагына салынган инвестицияны көбөйтүүнү жана тармакты толук реформалоону талап кылышты.

Профсоюздардын эсебинде, жүрүшкө 15 миңден 20 миңге чейин мугалим катышып жатат. Алар президент Клаус Ионнаис менен жолугуу үчүн Котрочень сарайына (президенттин резиденциясы) барууну көздөшүүдө.

Румынияда мугалимдер 22-майда иш ташташкан. Андан бери өкмөт менен бир нече жолку сүйлөшүүдө бийлик сунуштаган шарттарды кыймыл лидерлери кабыл алышкан жок.

Саламаттык сактоо тармагынын жумушчулары жана темир жолчулар да жакында иш таштай турганын билдиришти.

up