18:05, 23 апрель 2024 Шш

УКМК: Ысык-Көл райондук сотунун эки мыйзамсыз чечими аныкталды

Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2015-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында жайгашкан “Рояль бич” мейманканасынын аймагындагы 8,19 гектар жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүүгө негиз болгон чечим чыгарылганы аныкталды. Тактап айтканда, Мамлекеттик каттоо кызматынын каттоо делосунда Ысык-Көл райондук сотунун аталган токтому менен менчикке берилген жер тилкелеринин аянтында олуттуу айырмачылыктар (2,05 га) бар, б.а. сот бир иш боюнча материалдык пайда алуу максатында ар кандай өлчөмдөгү жер аянттары менен эки мыйзамсыз чечим кабыл алган. Ысык-Көл облусунун сот органдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 42 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда. 882df6ad e1e6 4c2f 97ad 33e5b1a9df16 УКМК: Ысык-Көл райондук сотунун эки мыйзамсыз чечими аныкталды 67d16560 cc44 4c69 b9ad 93b5dc3836a8 УКМК: Ысык-Көл райондук сотунун эки мыйзамсыз чечими аныкталды 256cc9f3 44f3 4e12 af97 91020420af0c УКМК: Ысык-Көл райондук сотунун эки мыйзамсыз чечими аныкталды 6a711d8b d08d 4457 9c98 894c31b015ea УКМК: Ысык-Көл райондук сотунун эки мыйзамсыз чечими аныкталды

up