05:23, 25 апрель 2024 Бш

Түркиядагы шайлоонун экинчи туру 28-майда өтөт

Түркиянын Жогорку шайлоо кеңеши президенттик шайлоонун экинчи туру өтөрүн жана ал 28-майга белгиленгенин кабарлады.

14-майда өткөн шайлоодо талапкерлер 50% ашык добуш ала алган жок.

Түркиянын сыртында жашаган шайлоочуларынын активдүүлүгү төмөн болуп, 52,9%ды түздү. Бул добуштар дагы эле саналууда, бирок азыр бир да талапкер 50%дан ашык добуш ала албаганы айкын болду. Муну менен президенттик шайлоонун тагдыры 28-майда боло турган экинчи турда чечилет.

Биринчи турда азыркы президент Режеп Тайип Эрдоган 49,51%, ал эми анын бириккен оппозициядагы негизги атаандашы Кемал Кылычдароглу 44,88% добуш алды. Үчүнчү талапкер Синан Оган 5,7% алды.

Экинчи турдун жыйынтыгы анын шайлоочуларынан көз каранды экенин чет элдик маалымат каражаттары жана талдоочулар айтууда.

Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоолор тарыхый деп бааланды, анткени Режеп Тайип Эрдогандын бийлигинин 20 жылында биринчи жолу оппозициянын талапкери ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

up