Кыргызстан медиа аракет Платформасынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына кайрылуусу
2023-жылдын 16-майында КР Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети “Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзам долбоорун карайт.
Ушул мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн негизги максаты анын жоболорун Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, атап айтканда, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана КР Административдик-процессуалдык Кодексине ылайык келтирүү болуп саналат, анткени буларда мамлекеттик органдардын чечимдерин кароо жана даттануу жол-жоболору көрсөтүлгөн. Өлкөнүн абройлуу юристтери менен укук коргоочуларынын корутундусуна караганда, бул мыйзам долбоору эч кандай саясий максатты көздөбөйт.
Жогорку Кеңеш – мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу эң жогорку өкүлчүлүктүү орган («КР Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Мыйзамдын 2-беренеси), ошондуктан биздин оюбузча Жогорку Кеңеш, бардык мыйзамдарды өлкөнүн учурдагы мыйзамдарына жана процессуалдык ченемдерине ылайык келтирүүчү биринчи орган.
Буга байланыштуу Кыргызстан медиа аракет Платформасы КР Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөлөрүнөн, ошондой эле бардык депутаттардан “Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзам долбоорун обьективдүү карап, кабыл алууну өтүнөт. Себеби Мыйзамды ылайык келтирүү буларга жол берет: