07:27, 29 март 2024 Жм

УКМК Ысык-Көлдө мейманканага 8 гектар жер мыйзамсыз берилгенин билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ысык-Көл райондук соту Чок-Тал айылында жайгашкан “Рояль бич” мейманканасына 8,19 гектар жер тилкесин жеке менчикке берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, мындай чечим 2015-жылы чыккан. Маалыматка ылайык, райондук соттун судьясы ушул эле иш боюнча материалдык пайда алуу үчүн ар кандай өлчөмдөгү жер аянттары боюнча эки мыйзамсыз чечим кабыл алганы аныкталган.

УКМК Ысык-Көл облусунун сот органдарынын мыйзамсыз аракеттеринен мамлекетке 42 миллион сомдон ашык зыян келтирилгенин белгиледи. Иликтөө иштери улантылууда.

“Рояль бич” мейманканасы жана райондук сот атайын кызматтын маалыматы тууралуу комментарий бере элек.  

 

up