08:22, 29 март 2024 Жм

ЖК комитети акыйкатчы кызматына талапкерлерди карап жатат

16-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети акыйкатчы кызматына талапкерлерди карап жатат.

“Мекенчил” депутаттык тобу жана “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин көрсөттү. 46 жаштагы Жамиля Жаманбаева эмгек жолун 1998-жылы Бишкек шаарындагы райондук прокуратура бөлүмдөрүндө стажер, прокурордун жардамчысы, прокурордун улук жардамчы болуудан баштаган. 2004-жылы Бишкек шаардык прокуратурасында ички иштер жана прокуратура органдарында тергөөгө көзөмөл жүргүзүүчү бөлүмдүн прокурору кызматына келген. 2018-2021-жылдары башкы прокурордун орун басары болгон.

“Ыйман Нуру” фракциясы сунуштаган 52 жаштагы Күлира Кубатова эмгек жолун 1997-жылы Саламаттык сактоо министрлигинде баштап, 2014-жылга чейин иштеген. 2014-2021-жылдары Социалдык өнүктүрүү министрлигинде эмгектенген.

Акыйкатчы институтунун эмгек жамааты институттун эки кызматкерин талапкер кылып чыгаруу боюнча Жогорку Кеңешке, фракцияларга кайрылган. Бирок ал колдоо тапкан жок.

Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы Жогорку Кеңеш 3-майдагы жыйынында бир топ депутаттардын каршылыгына карабай мөөнөтүнөн мурда кызматынан алган. Бир катар эл аралык уюмдар парламенттин чечимин сындаган.  

up