02:33, 19 апрель 2024 Жм

Акыйкатчы институту бул кызматка дагы бир талапкер сунуштады

Акыйкатчы институтунун эмгек жамаатынын айрым кызматкерлери жана омбудсмендин Оштогу өкүлчүлүгү дагы бир талапкерди сунуштады. Алар парламенттеги “Ыйман Нуру” фракциясынын лидери жана Жогорку Кеңешке кайрылып, Акыйкатчы институтунун эксперттик-укуктук жактан камсыздоо боюнча бөлүмдүн жетекчиси Урмат Аралбаевди акыйкатчы кызматына жылдыруу сунушун беришти.

Катта Урмат Аралбаев бул тармакта 20 жылдан бери иштеп келетканы, тажрыйбалуу адис экени айтылат.

15-майда Акыйкатчы институтунун айрым кызматкерлери мекеменин аппарат жетекчиси Аскат Азарбековдун талапкерлигин көрсөткөн. Анын талапкерлигин колдоо боюнча 50дөн ашык кызматкер кол койгон кат Жогорку Кеңештин төрагасына, фракцияларга жана депутаттык топторго жөнөтүлгөн.

Мыйзам боюнча акыйкатчы кызматына талапкерлерди фракциялар менен депутаттык топтор сунуштайт.

Буга чейин парламенттеги “Альянс”, “Ынтымак” фракциялары жана “Элдик” депутаттык тобу акыйкатчы кызматына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мирлан Жээнчороевдин талапкерлигин көрсөткөн. Кийинчерээк Мирлан Жээнчороев талапкер болуудан баш тарткан.

Көп өтпөй “Ата Журт - Кыргызстан” фракциясы акыйкатчылыкка Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин жылдырды. 46 жаштагы Жаманбаева буга чейин башкы прокурордун орун басары болгон.

Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы Жогорку Кеңеш 3-майдагы жыйынында бир топ депутаттардын каршылыгына карабай мөөнөтүнөн мурда кызматынан алган. Бир катар эл аралык уюмдар парламенттин чечимин сындаган. 

up