14:29, 24 апрель 2024 Шр

Каза болгон Чаткалдын прокурорунун үй-бүлөсүнө 21 миллион 699 миң сом жөлөк пул төлөнөт

Каза болгон Чаткалдын прокуроруна 21 миллион 699 миң сом жөлөк пул төлөнөт. Бул тууралуу 15-майда Жогорку Кеңештин Бюджет экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева билдирди. 

Анын айтымында, акыркы кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысынын эсебинен 20 жылдык эмгек акы өлчөмүндөгү бир жолку жөлөк пул төлөнөт деген чечим кабыл алынган. 

“Каза болгон Чаткалдын прокурору Жанузаков Бакирдин Мусаевичтин үй-бүлөсүнө төлөп беребиз”,-дейт прокурор.

up