18:04, 23 апрель 2024 Шш

Канттагы саунада кыздар менен эс алган милиционер кызматынан кол жууду

Саунада жарым жылаңач кыздар менен эс алып отурган милиционер кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармакта Кант шаарындагы сауналардын биринде формачан милиция кызматкеринин жарым жылаңач кыздар менен отурган видеосу тараган.

Маалыматка ылайык, териштирүүдө видеого тартылып калган кызматкер Ысык-Ата райондук ИИБдин кызматкери, милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү экендиги аныкталган.

“Кызматтык иликтөөнүн корутундусу боюнча, Чүй облустук ИИББдин жетекчисинин буйругу менен “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” мыйзамынын талаптарын, укук коргоо органдарынын тартиптик уставын, ИИБдин ички кызматынын уставын бузгандыгы үчүн Ысык-Ата райондук ИИБдин МАБынын ыйгарым укуктуу өкүлү А. Д. укук коргоо органдарынын кызматынан бошотулду”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, кызматкерлердин ишине тийиштүү көзөмөл болбогондугу үчүн Ысык-Ата райондук ИИБдин жетекчилигине жана жооптуу сегиз кызматкерге катуу сөгүш жарыяланды.

up