15:18, 20 апрель 2024 Иш

Кыргызстандык боксчу дүйнө чемпионатында тарыхта биринчи ирет медаль утту

Кыргызстандык боксчу дүйнө чемпионатында тарыхта биринчи ирет медаль утту — Today.kg

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын тарыхында биринчи медалды утту.

Өлкөнүн байге куржунуна коло медаль алып келген биринчилик Ташкент шаарында өтүп жатат.

Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитети маалымдагандай, бүгүн 1/2 финалда мушкер 57 кг салмакка чейинкилер категориясында өзбекстандык Абдумалик Халоков менен күч сынашып, утулуп калды.

Кыргызстандык мушкер чейрек финалда тажикстандык боксчуну жеңип алган.

Аталган таймаш Ташкент калаасында 30-апрелде башталган. Булгаары мээлей чеберлеринин күч сынашы 14-майда соңуна чыгат. Кыргызстандын Өзбекстанга аттанган командасында 13 спортчу бар.

 

up