19:16, 28 март 2024 Бш

Кара-Суу: Депутат бычактан жараат алган окуя иликтенүүдө

Ош облусунун Кара-Суу районунда жергиликтүү депутат бычактан жараат алган окуя Кылмыш-жаза кодексинин 280-берениси (“Бейбаштык») менен тергелип жатканын бүгүн 12-майда “Азаттыкка” облустук милициядан билдиришти. Алгач социалдык түйүндөрдө “Криминалдык топтордун мүчөлөрү бычакташты” деп тараган маалымат боюнча текшерүү жүргүзүлгөнү, алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү эмес экени аныкталганы кабарланды.

Милициянын маалыматына караганда, эки киши бирине бири бычак сайган окуя быйыл 6-майга караган түнү Кара-Суу шаарындагы кабат үйлөрдүн биринин алдында болгон. Жараат алгандардын бири Савай айылдык кеңешинин депутаты, 30 жаштагы Нурбек Абдумалик уулу, экинчиси ушул эле айылдын 28 жаштагы тургуну экени аныкталган.

Ички иштер мекемеси тактоо иштерин жүргүзгөнүн, алар кылмыштуу топтун мүчөсү экендигин тастыктаган далилдер жок болуп чыкканын маалымдады.

Ош облусунда быйыл жыл башынан бери алты карактоо фактысы катталган, Кара-Суу районундагы куралдуу карактоо аракетинен эки адамга ок тийип, ооруканга түшкөн. Ал эми өткөн жылы алты кылмыш иши козголуп, анын бешөөнүн бети ачылган.

Облустук милиция кылмыштуулукка, кириминалдык топторго, алардын басымы алдында калган көрүнүштөргө каршы комплекстүү күрөш жүргүзүүнү көздөп жатканын президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев «Азаттыка» курган маегинде билдирди. Ал кылмыштуулукту, ири тоноо фактыларын алдын алуу зарылдыгын белгиледи.   

up