05:17, 25 апрель 2024 Бш

Байсалов өлүм жазасын киргизүүгө өкмөт каршы турарын билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Конституцияга өлүм жазасын киргизүүгө өкмөт каршы турарын билдирди. Ал бул тууралуу Твиттердеги баракчасына жазды.

"Өлүм жазасынан баш тартуу - бул бир катар элдик добуш берүүлөр аркылуу ырасталган негизги конституциялык нормалардын бири. Бул убактылуу мораторий эмес, Бул аң-сезимдүү чечим! Министрлер кабинети Конституцияны мындай импульсивдик демилгелерден коргоодо бекем турат",- деп жазды Байсалов.


Мунун алдында Жогорку Кеңештеги "Элдик" депутаттар тобу Баш мыйзамды өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам долбооруна корутунду алуу үчүн Конституциялык сотко кайрылганы белгилүү болгон. Былтыр октябрда коомдук талкууга коюлган бул мыйзам долбоордо балдарга карата зордук-зомбулукка баргандарды, педофилдерди өлүм жазасына тартуу жобосун киргизүү каралган.

Конституциялык сот өтүнүч өндүрүшкө алынганын билдирген.

Өлкөдөгү азыркы мыйзамдарга ылайык, Кыргызстанда өлүм жазасы жок, жазанын эң жогорку чеги – өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу каралган.

Жогорку Кеңеште 11-майда Баш мыйзамдын 30 жылдыгына арналган жыйында парламент спикери Нурланбек Шакиев Баш мыйзам өзгөрүшү ыктымалдыгын жокко чыгарган эмес.

Мунун алдында парламентте "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын өкмөттү кетирүү сунушунан улам Баш мыйзамды өзгөртүү маселеси көтөрүлгөн.

Кыргызстандын эгемен тарыхындагы алгачкы Конституция 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Андан берки аралыкта бир нече жолу өзгөртүүгө дуушар болду.

2021-жылы 11-апрелде жалпы элдик добуш берүү менен кабыл алынган Баш мыйзам өлкөнү түп-тамыры менен президенттик башкарууга кайра кайтарып, саясий системаны баштапкы абалга алып келген. 

 

up