05:43, 19 апрель 2024 Жм

Бишкек менен Чүйдө күн 32 градуска чейин ысыйт. Бир жумага карата аба ырайы

Келе жаткан жумада Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө күн ачык болот. Бул туурасында Кыргызгидромет агенттиги билдирди.

Борбор калаада бейшембиге чейин күндүн көзү бузулбайт. Жума жана ишемби күндөрү жамгыр жаашы болжолдонууда.Чүй облусунда дагы 11-майга чейин жаан-чачын күтүлбөйт.

12-майда көпчүлүк аймактарда, 13-майда айрым жерлерде жамгыр жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-майда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Бейшембиде күндүн табы 32 градуска чейин ысыйт.

up