02:30, 24 ноябрь 2024 Жш

Каракол шаарынын 150 жылдык мааракесине 2,5 млн сом каралды

Каракол шаарынын 150 жылдык мааракесине 2,5 млн сом каралды — Today.kg

Каракол шаарынын 150 жылдык мааракесине 2,5 млн сом каралды. Бул тууралуу шаардык кеңештен билдиришти.

Каракол шаардык кеңешинин аппарат башчысы Эрмек Майрыковдун маалыматына караганда, маараке белгиленген күнү түнкү этнофестиваль уюштурулат.

«Шаар 1869-жылы 1-июлда уюшулган. Шаардын 150 жылдык, облустун 80 жылдык мааракесине карата түнкү этнофестиваль уюштурулат. Ал эми шаардын мааракеси кайсы күнү болорун депутаттар жакынкы сессияда бекитет. Болжол менен сентябрь айына пландалып жатат. Мааракеге акча каражаты шаардык мэриянын сунушу менен каралды. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан делегаттар келет. Ошондой эле Түркия, Россиядагы шаарлардын өкүлдөрүн чакыруу пландалып жатат», - деди ал.

Учурда бардык жерлерге, коммуналдык чарба техникаларына көрнөк-жарнактар илинип жатат. Атайын маалымат баракчалары, слайддар даярдалууда. Мэриянын алдында мааракени уюштуруу комитети да түзүлгөн. 

up