19:36, 28 март 2024 Бш

ИИМ: Атаханов суракта Батукаевди бошотууга Атамбаевдин катышы бар экенин көрсөткөн

ИИМ: Атаханов суракта Батукаевди бошотууга Атамбаевдин катышы бар экенин көрсөткөн — Today.kg

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Мырзалы Жумаевдин айтымында, «Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тиешеси бар» деген көрсөтмө бар. Жумаев муну парламент депутаты Каныбек Иманалиевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

«Бул иш ИИМдин Тергөө кызматында. Тергөө учурунда мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов сурак протоколунда «Батукаевди бошотууга Атамбаевдин катышы бар» деп көрсөтүп кетип атат. «Тапшырма берилген» деп». 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын алгачкы жыйыны өтүп жатат. Комиссиянын мүчөсү Талант Мамытов кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө демилге көтөргөн депутаттардын кайрылуусун окуду. Анда демгилечи депутаттар экс-президент Алмазбек Атамбаевди оор кылмыш иштерине байланыштуу айыптап жатышат. Парламент 13-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууга байланыштуу комиссия түзгөн. Экс-президент Алмазбек Атамбаев башында турган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) юристи Нурбек Касымбеков кол тийбестик боюнча депутаттык комиссия мыйзамсыз түзүлгөнүн билдирген. 

up