19:21, 28 март 2024 Бш

Атамбаевди "экс" макамынан ажыратуу үчүн кандай айыптар коюлуп жатат. Тизме

Атамбаевди экс макамынан ажыратуу үчүн кандай айыптар коюлуп жатат. Тизме — Today.kg

 Учурда Жогорку Кеңеште Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча комиссия 2-отурумга чогулду. Ал жерде Атамбаевге кандай айып коюу сунушталып жатканы айтылды.

Макамдан ажыратуу боюнча документте жазылган айыптоолор:

— Атамбаев премьер-министр болуп турган кезинде Россиянын 183 жаранына "КРдин өнүгүсүүнө кошкон салымы үчүн" деп курал белекке берилген. Ал адамдардын 99 пайызы бир дагы ирет Кыргызстанда болгон эмес;

— Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үй курган жер тилкеси мыйзамда жазылган эрежелерди четке кагуу менен алынган;

— Кримбөтөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуп жиберүү ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин көзөмөл жана уюштуруусунун негизинде ишке ашышы толук ыктымал;

— Өкмөттүн 2011-жылдын августундагы токтомуна ылайык, Чүй облусунун Байтик айылындагы 35,65 гектар жер айыл чарба багытындагы жер макамынан курулуш багытына өтүп кеткен. Ал учурда жер тилкелерин трансформациялоого мораторий жарыяланган эле.

Учурда бул боюнча Бишкек райондор аралык сотунда Башкы прокуратуранын өкмөттүн жогорудагы токтомун жокко чыгарып берүү арызы каралып жатат.

— Кыргызстандагы кен иштетүү менен алектенген бир нече ири компаниялар Атамбаевдин карамагында иштеши мүмкүн;

Ошондой эле документте экс-президентти Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу, Тарых музейин оңдоодогу, Түндүк — Түштүк альтернативдик жолун куруу жана "Датка-Кемин" долбоорундагы коррупциялык иштерге тиешеси бар экени жазылган.

Айыптоолор окулгандан кийин комиссиянын төрагасы депутат Каныбек Иманалиев жогоруда айтылгандардын бардыгы тиешелүү органдар тарабынан далилденмейинче комиссия мүчөлөрүн экс-президенттин ар-намысына жана адамдык беделине шек келтирүүдөн оолак болууга чакырды.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу боюнча комиссия түзүлгөн.

Мындай чечимди Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет сунуштаган эле. Аны 96 депутат колдоп, төртөө каршы болгон.

up