00:41, 24 апрель 2024 Шр

Түркияга жардам үчүн ачылган эсепке 88 млн сом, 15 миң рубль топтолду

Бүгүн, 2-мартка карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке кыргызстандыктар 88 млн 570 миң сом жана 15 миң 250 рубль, ошондой эле 65,67 доллар топтоду.

Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

Банк: «Айыл Банк» ААКы,

ИНН 01803199710084,

БИК 135001,

ОКПО 30597768,

Эсеп № 1350102119900169 «КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, доллар, евро);

Төлөм коду 14411100 – «Учурдагы жардам»;

Ошондой эле ӨКМ түз байланышы иштеп жатат. Маалымат үчүн номерлер:

— ӨКМ —112;

— Президенттин Администрациясынын кырдаалдык борбору — (0312) 662292.

6-февралда Түркия менен Сирияда катуу жер титирөө катталган. Кийин кырсык бир нече жолу кайталанган. Бул апаатта каза болгондордун жалпы саны 50 миңден ашты, жараат алгандар 115 миңдин тегерегинде.

up