16:01, 25 апрель 2024 Бш

Каныбек Иманалиев билим берүү министринин милдетин аткарат

Каныбек Иманалиев билим берүү министринин милдетин аткарат — Today.kg

Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койду.

Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке сунушталганын билдирди. Сунуш кийинки жумада боло турган жалпы жыйында каралат.

Жазуучу, журналист, саясатчы Каныбек Иманалиев 1969-жылы Кемин районундагы Кайыңды айылында туулган. 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, 1998-жылы Орусия мамлекеттик кызмат академиясын саясат таануу адистигинде аяктаган.

2002-жылы Орусия мамлекеттик кызмат академиясында кандидаттык диссертациясын, 2010-жылы Орусия Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияда докторлук диссертациясын жактаган.

1992-1994-жылдары «Асаба» гезитинде кабарчы, 1996-1999-жылдары Президенттин басма сөз катчысы, 1999-2004-жылдары «Учкун» акционердик коомунун директору сыяктуу кызматтарды аркалаган. 2000-жылдан бери Жогорку Кеңештин төрт чакырылышына депутат болгон.

up