02:49, 20 апрель 2024 Иш

Бишкекте кургак учукту дарылоочу жаңы оорукана ачылды

Бишкекте кургак учукту дарылоочу жаңы оорукана ачылды — Today.kg

Бишкек шаарында кургак учукту дарылоочу жаңы оорукананын ачылыш салтанаты болуп өткөнүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чарага катышкан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов саламаттык сактоо тармагына көрсөткөн жардамы үчүн Германия Федеративдүү Республикасына ыраазычылык билдирди.

Бишкек шаарында кургак учукту дарылоочу жаңы оорукананын ачылыш салтанаты болуп өткөнүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады

Бишкек шаарында кургак учукту дарылоочу жаңы оорукананын ачылыш салтанаты болуп өткөнүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады - Sputnik Кыргызстан

Кургак учукту дарылай турган клиниканын жалпы бюджети 6,5 миллион еврону түзөт - Sputnik Кыргызстан

Ооруканага 128 керебет коюлмакчы. Кургак учуктун дарыга туруктуу, сезгич, ачык жана жабык түрлөрүн дарылоочу палаталар бар. - Sputnik Кыргызстан

Ооруканага 128 керебет коюлмакчы. Кургак учуктун дарыга туруктуу, сезгич, ачык жана жабык түрлөрүн дарылоочу палаталар бар.

"Бүгүн биз “Кургак учук менен күрөшүү программасы – V” гранттык долбоорунун алкагында курулган, жаңы жабдуулар менен камсыздалган заманбап клиниканы ачып жатабыз. 1992-жылдан бери Германия өнүктүрүү банкы (KfW) биздин өлкөгө түрдүү тармактар боюнча 298 миллион евродон ашык каражат бөлгөн. Германиянын биздин калыптануубузга жана туруктуу өнүгүүбүзгө кошкон салымын, ошондой эле глобалдык пандемия учурундагы колдоосун жогору баалайбыз", — деди Байсалов.

Ачылыш аземде Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил саламаттык сактоо тармагы эки өлкөнүн кызматташтыгынын негизги багыттарынын бири катары саналарын белгиледи. Ал жаңы оорукананын кызматкерлерине кургак учук жана башка жугуштуу ооруларга каршы күрөшүүдө ийгиликтерди каалады.

Кургак учукту дарылай турган клиниканын жалпы бюджети 6,5 миллион еврону түзөт. Ооруканага 128 керебет коюлмакчы. Кургак учуктун дарыга туруктуу, сезгич, ачык жана жабык түрлөрүн дарылоочу палаталар бар. Радиологиялык бөлүм жана интенсивдүү терапия бөлүмү бардык керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылган.

Лабораторияда гематологиялык, биохимиялык, заара, ИФА анализаторлору бар. Заманбап желдетүү системасы иштелип чыккан, ХЕПА-фильтрлери орнотулган (алар микробдорду тышка чыгарбайт), ультракызгылт көк бактерициддик лампалардан өткөн аба дезинфекцияланып турат.

 

up