22:23, 28 март 2024 Бш

Мугалимдерди мазактагандар жоопкерчиликке тартылат

Мугалимдерди мазактагандар жоопкерчиликке тартылат — Today.kg

Кыргызстанда мугалимдерге карата сыйлабастык көрсөтүп, мазактаган жарандарга жоопкерчилик каралган мыйзам 15-февралда күчүнө кирди. Бул тууралуу toktom.kg сайтында айтылат.

Мыйзамга ылайык, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жаткан педагогикалык кызматкерге карата сөгүнүү, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү, адепсиз жаңсоолорду (белгилерди) же предметтерди көрсөтүү түрүндө, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары же телекоммуникация тармактары аркылуу билдирилген сыйлабагандыкты көрсөтүү үчүн — жеке жактарга эскертүү берүүгө же 1 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Ошондой эле, жогоруда аталган аракеттерди жасаган он алты жашка чейинки курактагы баланын ата-энесине (же аларды алмаштыруучу адамга) тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбагандыгы үчүн эскертүү берилет.

Эскерте кетсек, буга чейин депутаттар мугалимдерге акарат айткан окуучунун (12-16 жаш арасындагы) ата-энесине 2 миң сом айып пул салууну сунуштаган. Эгер аталган учур кайталанган кезде, айып пул 5 миң сомду түзөрү же 3 күндөн 5 күнгө чейин камакка алынары каралган. Кийинчерээк ал нормалар алынып, мыйзам кабыл алынган.

up