19:43, 29 март 2024 Жм

Казакстанда кырсыкка учураган тик учакта төрт киши каза болду

23-февралда Түндүк Казакстан облусунда кырсыкка учураган Ми-8 тик учакта төрт киши каза таап, экөө жараат алды. Бул тууралуу кошуна өлкөнүн Жарандык авиация комитети Телеграм каналына жазды. Тик учак «Казтрансойл» компаниясынын заказы менен мунай куурун айланып учуп жүргөн. Маалыматка караганда, Чукул кырдаалдар министрлигинин тобу кырсык болгон жерге барды.

Буга чейин казак маалымат каражаттары министрликтин расмий өкүлүнө шилтеме менен «борттогулардын бардыгы аман» деп жазышкан. Тик учакта экипаждын мүчөлөрүнөн тышкары эки жүргүнчү бар болчу.

Жарандык авиация комитети 2022-жылы чыгарылган Ми-8АМТ «Казавиаспас» акционердик коомуна таандык экенин маалымдады. Чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, тик учак быйыл январда кезектеги техникалык тейлөөдөн өткөн.

Облусттун саламаттык сактоо башкармалыгы жабыркагандар шаардык ооруканага жеткирилерин «Азаттыкка» билдирди. 

Булак: Azattyk

up